• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров Москвага болгон иш сапары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу: Эң жакшы таасир калтырды

Президент 0

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Россияга болгон биринчи чет элдик иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

— Садыр Нургожоевич Москвага болгон иш сапарыңыз жана Владимир Путин менен жолугушууңуз кандай таасир калтырды? Жетишилген жыйынтыктарга канааттандыңызбы?

— Эң жакшы таасир калтырды. Биз Владимир Владимирович менен көпкө маек курдук, Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгына багытталган ар түрдүү темаларды талкууладык. Биздин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүбүз жылуу маанайда, ишенимдүү жана жемиштүү болду. Бул жолугушуу мындан аркы бирдиктүү иштер үчүн жакшы пайдубал болуп берет деп ишенем.

— Сиздин көз карашыңыз боюнча учурда макулдашууга жетишилген кандай маанилүү маселелер бар?

— Москвадагы жолугушууларда талкууланган бардык маселелер маанилүү. Биздин республиканы жана аймактын коопсуздугун коргоо үчүн Россия көрсөтө турган аскердик-коргоо жардамын бөлүп көрсөтсөк болот. Андан кийин өзүңүз билгендей, Кыргызстандын ар кайсы районуна 44 орус тилдүү мектеп-интернат куруу тууралуу жетишилген келишим. Ага Россиядан педагогдор тартылат. Экономикалык жана коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүүнү дагы айтсак болот. Мындан тышкары, «Газпром» линиясы боюнча газга жана күйүүчү-майлоочу майга жаңы тариф саясаты жана Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү тууралуу маселелерди талкуулоо башталды. Акыркы жылдары тоңдурулган биргелешкен кээ бир ири долбоорлорду талкуулаганыбызды баса белгилеп кетким келет. Аларды калыбына келтирүү жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар. Жалпысынан биз иш сапардын алдында койгон бардык максаттарыбызга жетиштик деп айта алам.

— Садыр Нургожоевич, Владимир Путин менен жолугушканда да конституциялык реформа жөнүндө сөз болду. Россиялык өнөктөштөр Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташуусун күтүүдө. Конституция кабыл алынгандан кийин кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыз?

— Албетте, биздин бардык өнөктөштөр кызматташтыкты жандандыруу үчүн өлкөдөгү туруктуулукту күтүп жатышат. Бизге маанилүү болгон инвестициялык долбоорлор дагы ишке ашмак.

Конституция кабыл алынгандан кийин өзгөрүүлөр төмөнкүдөй болот.

Учурда үч «күч» бар. Бул «күчтөр» 2010-жылдан бери иштеп келе жатат. Алар президент, парламент, өкмөт. Ар биринин ыйгарым укуктары бар, бирок жоопкерчиликти моюнуна алышпайт. Тагыраак айтканда, көптөгөн жетекчилер болгону менен эч ким элдин жана мамлекеттин тагдыры үчүн жооптуу болгон эмес. Эми Конституцияга ылайык, конкреттүү жооптуу адам аныкталды - бул Президент.

Андыктан жарандар Конституциянын жаңы долбооруна добуш берсе, анда ал ачык-айкындуулукту алып келип, өлкөбүздөгү башаламан башкарууну жокко чыгарат. Бийлик келет жана кетет, бирок эл менен мамлекет кылымдар бою калат. Демек, эл менен мамлекет үчүн иштей турган башкаруу системасын түзүү керек. Эгерде эл Конституциянын жаңы долбооруна добуш берсе, бул туура чечим болот.

Башка өзгөрүүлөр кадр саясатына байланыштуу. Жумуш орундарга тааныш-туугандар менен эмес, кесипкөйлүгүнө жараша тандалып алынат. Мамлекеттик кызматтар оптималдаштырылат. Оптималдаштыруу өкмөттүн жаңы курамы бекилгенде эле башталган. Алдыда кемчиликтер боло турган болсо, толтурулат, каталар оңдолот. Чындыгында биринчи чечкиндүү кадамдар жасалды, ал эми конституциялык реформа аны толуктайт.

Пикир

Оставить комментарий