• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаалга байланыштуу ЖККУ лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кечээ кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Тараптар ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий