• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп ишкерден опузалап акча талап кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп ишкерден опузалап акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК 27-февралда уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарында 1 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн биринин 51 жаштагы А.А. жана 35 жаштагы Б.М. аттуу жарандарын кармады.

"Кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп Т.А. аттуу ишкерден опузалап 28 миң доллар акча каражатын жана коркутуу жолу менен кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн кайра каттатууну талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча катталды.

Шектүүлөр Ош шаарындагы УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий