• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда, президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, ошондой эле мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.

Кыргызстандын президенти СадырЖапаров Режеп Тайып Эрдогандын кадыр-баркы жогору экенин айтып, анын акылман, даанышман жетекчилиги астында Түркия эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, бардык тармакта чоң ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-түрк бир туугандык мамилелери боордош эки элдин келечеги үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине терең ишенет.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий