• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Анда мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинди расмий сапар менен кабыл алуу мен үчүн чоң кубаныч.

Россияга болгон расмий сапарымдан 5 ай өткөндөн кийин урматтуу Владимир Владимировичтин жооп кылып расмий сапары менен келип жатышы мени абдан сүйүндүрөт. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин бекемдигин дагы бир жолу далилдейт.

Биздин Москвадагы жолугушууда жетишилген келишимдер турмушка ашырылып баштаганын канааттануу менен айткым келет. Урматтуу Владимир Владимирович экөөбүз стратегиялык өнөктөш болгон мамлекеттерибиздин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Биз өз ара кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү боюнча алган багытыбыздын өзгөрбөстүгүн ырастадык.

Муну кол коюлган эки тараптуу документтер тастыктап турат.

Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү эки өлкөнүн потенциалына дал келбей тургандыгы боюнча орток пикирге келдик.

Мындан улам, биз соода жүгүртүү көлөмүн мындан да жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнү жана өз ара сооданы 5 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү амбициялуу деңгээлге жеткирүүнү макулдаштык.

Биз сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инвестиция, отун-энергетика комплекси жана айыл чарба чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү багыттарына өзүнчө токтолдук.

Бул багытта экономиканы диверсификациялоо, экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ишин активдештирүүгө келиштик.

Биз бүгүн эки тарапты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн өлкөлөрүбүздүн ортосунда колдонулуп жаткан механизмдердин, атап айтканда, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маанилүүлүгүн баса белгиледик.

Кечээги Жалал-Абад шаарында эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун жана регион өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн өнөр жай кооперациясы темасындагы Кыргыз-Орус региондор аралык онунчу мааракелик конференциясынын оң жыйынтыктарын канааттануу менен белгилегим келет. Бул аянтчага суроо-талап жогору жана анын потенциалы чоң экенин баса белгилейм. Конференциянын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 3 млрд 500 млн АКШ долларынан ашкан документтерге жана контракттарга кол коюлгандыгын белгилөөнүн өзү жагымдуу. Ошондой эле биз Россия менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерибизди билдирем.

Бул өңүттө соңку 30 жыл ичинде Кыргызстандын жогорку билим берүү жана илим тармагындагы лидерлердин бирине айланган Кыргыз-Россия Славян университетинин ролуна токтолгум келет. Акыркы жылдары университет көптөгөн жогорку квалификациялуу адистерди даядап чыгарды, алар Кыргызстанда, Россияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп жатышат.

Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылган маалы КМШда улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тили жылына жана 2023-жылды Санкт-Петербург шаарын Шериктештиктин маданий борбору деп жарыяланганына туш келгенин да белгилей кетүү керек.

Ошону менен бирге биз планетардык масштабдагы көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөнү да талкууладык.

Коопсуздук жаатында Кант шаарындагы Кошмо россиялык аскер базасынын оң ролун белгилеп, эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңги заттары менен курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкоопсуздукка жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөштө кызматташууну чыңдоого токтолдук.

ЕАЭБдин алкагындагы кыргыз-россиялык өз ара аракеттенүүсү өзгөчө актуалдуу. Биз интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана Биримдиктин максаттарына жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Сапардын жыйынтыгы кыргыз-россиялык мамилелердин өнүгүшүнө оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет".

Пикир

Оставить комментарий