• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Сауд Аравиянын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 07.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келген Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды.

Анда өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Сауд Аравия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеп, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Саудга ысык саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосун жогору баалап, ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө ишенимдүү өнүгүп жаткан туризм тармагына өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Президент Сауд Өнүктүрүү фондунун “Менин үйүм” программасынын алкагында эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташтыгын жана Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин курулушун канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжи Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын өз ара аракеттенүүсү ишенимдүү өнөктөштүк жана достук духунда өнүгүүдө. Валид Аль-Хурейжи ошондой эле эки тарап Президент Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга боло турган расмий сапарынын үстүндө активдүү иштеп жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжи эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи. Ал ошондой эле Сауд Аравия Падышалыгы Кыргызстанга зарыл болгон колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал, өлкөнүн инвестициялык климатын изилдөө ниети менен, Сауд Аравия Падышалыгынын инвестиция министри башында турган чоң инвестициялык делегация Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын да маалымдады.

Соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий