• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров: Билим берүү министрлигине кошумча 16 млрд сом бөлүнүп, эң көп каржыланган министрлик болду

Президент 0

Бишкек, 04.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Билим берүү министрлигине быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, муну менен Билим берүү министрлиги – эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

“Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50%дан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилип, оклад системасына өткөрүлдү. Ошондой эле категорияларды дагы киргиздик. Орто мектептеги мугалимдердин айлыгы орточо 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында, айрым учурда маяна үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алсак, педагогикалык окуу жайды бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалим буга чейин 7 миң 200 сом алса, эми 21 миң 800 сом алат. Ысык-Ата мектебинде эмгек стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика сабагынын мугалими 10 миң 450 сом алса, мындан ары 25 миң 300 сом ала баштайт”, - дейт Жапаров.

Жапаров мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы жогорулай турганын айтып, бирок аларга карата катуу талаптар коюла турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий