• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мампрограммасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.

Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Мамлекеттик программада комплекстүү иш-чаралар каралган, анын ичинде:

- аялдардын коомдогу ролу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда активдүү катышуусу тууралуу коомдук пикирди колдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында маалыматтык кампанияларды өткөрүү. Бул кампаниялардын негизги аспектилеринин бири аялдарды кадрлар резервине киргизүүгө түрткү берүү болот.

-жетекчилик кызматтарга умтулган аялдар үчүн окутуу жана кесиптик өнүгүүнү камсыз кылуу. Бул алардын лидерлик жөндөмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө салым кошкон билим берүү программаларды, тренингдерди камтыйт.

- жетекчи кызматтарга аял талапкерлерди даярдоо системасын иштеп чыгуу жана дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу.

Бул мамлекеттик программа Кыргызстандагы аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук турмуштагы ролун бекемдөөгө умтулат. Бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жолу менен өлкөнү өнүктүрүү боюнча максаттарга жетүүдө, ошондой эле адилеттүү жана тең укуктуу коомду түзүүдө негизги фактор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий