• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жаш лидерлер” программасы жана “Өкмөттүк акселераторлор” реформасынын ll этабы башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Министрлер Кабинетинин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулла Насер Лута жетектеген БАЭ делегациясынын катышуусу менен өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин отурумуна катышты.

Минкаб башчысы “Кыргыз Республикасынын Жаш лидерлери 2024” программасы натыйжалуулугун жана мааанилүүлүгүн эмитеден эле көрсөтүп, саясат, стратегиялык эффективдүүлүк жана башкаруу темаларында мамлекеттик органдардын кызматкерлерине тренинг өтүлгөнүн белгиледи.

“Акыркы үч күндүн ичинде Бишкектеги оффлайн тренинг-катышуучулардын билимин тереңдетүүгө жана алардын ортосундагы байланышты чыңдоого чоң түрткү болду. Өлкөнүн келечеги үчүн долбоорлор жана демилгелер боюнча бирдиктүү түшүнүк түзүүгө жана биргелешип иштөөгө жардам берди”-деди Акылбек Жапаров

Ошондой эле Минкаб башчысы “Өкмөттүк акселераторлор” биринчи этабынын жыйынтыгы абдан жемиштүү болгонун белгилеп, буга чейин жылдар бою чечилбей келген жана айрым тармактарда тоскоолдуктарды жараткан маселелерди кыска мөөнөттүн ичинде оң жагына чечилгенине токтолду.

Комитеттин отурумунун алкагында, “Өкмөттүк акселераторлор” реформасынын экинчи этабында ишке ашырылуучу төрт багыт боюнча презентациялар жасалды. Алар:

- «Жаңы төрөлгөн ымыркайларды туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ПИН менен 100% (жүз пайыз) камсыздоо аркылуу балдарга негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү»;

- «Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташууну уюштурууга байланыштуу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү»

- «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) долбоорлорун ишке ашыруунун жол-жоболорун өркүндөтүү/жеңилдетүү»

- «Экспортту илгерилетүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин түзүү»

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров бул багыттардын баардыгы актуалдуу жана тез арада чечүүнү талап кылган маселелер экенин баса белгилеп, бүгүнкү күн билимге сугарылган, идеяга шыктанган ыкчам чечимдердин жана реформалардын мезгили экенин эске алуу менен процесстин катышуучулары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку профессионалдуу деңгээлде аткарууну тапшырды.

“Мен сиздерди «чакырыктарга» өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасоого жана алардын ийгиликтүү аткарылышы үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого чакырамын”-деп өз сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде БАЭ министринин орун басары Абдулло Нассер Лута "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын экинчи этабы да ийгилитүү аяктаарына ишеним артып, коюлган максаттарга биргеликте жетүү зарылчылыгын белгиледи.

Отурумдун акырында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Министрлер Кабинетинин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулло Нассер Лута менен биргеликте “Жаш лидерлер” программасын жана “Өкмөттүк акселераторлор” реформасынын экинчи этабын ачык деп жарыялашты.

Пикир

Оставить комментарий