• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Татарстандын «Дуслык» ордени менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды.

Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстан Республикасынын эл аралык аброюн, Татарстан Республикасы менен чет мамлекеттердин, Россия Федерациясынын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстан Республикасынын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, «Дуслык» орденин Кыргыз Республикасына болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи. «Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Россия Федерациясынын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын», - деди Садыр Жапаров.

«Дуслык» ордени – Татарстан Республикасынын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.

Пикир

Оставить комментарий