• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Кермандагы терактка байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 04.01.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий