• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаровдун иши сотто кайра каралат

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун кылмыш иши сотто кайра каралат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров соттолуп, анын ичинде кайталанган кылмыш да бар.

"Жаңы мыйзам боюнча кайталанган кылмыш үчүн сотто болбогондугу үчүн мурунку депутаттын иши кайра каралат. Жалпысынан сотко кайра кароо үчүн 3 миңге жакын кылмыш иши өткөрүлөт", - деди ал.

Эскерте кетсек, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга соттолгон. Ага карата кылмыш иши төрт берене боюнча ачылган.

Сот аны "Өлүм менен коркутуу", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча актап, "Кишини барымтага алуу" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан.

Ал 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митингдеги окуя боюнча айыпталган. Анда митингдин катышуучулары Ысык-Көл облусунун башчысын барымтага алышкан.

Пикир

Оставить комментарий