• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саясий серепчи: Президент курултай өткөрүү боюнча эрктүү чечим кабыл алды

Коом 0

Курултай өткөрүү маселесинде саясий түзүлүшкө таянуу керек. Бул тууралуу саясий серепчи Бакыт Бакетаев 25-ноябрда өткөрүү пландалып жаткан Элдик курултайга комментарий берип жатып билдирди.

Эксперт конституциялык нормалардын баары конституциялык мыйзамдарда бекитилиши керектигин, бирок эгерде Жогорку Кеңеш курултай тууралуу Конституциялык мыйзам кабыл албаса, анда президент саясий чечим кабыл алганын белгиледи.

“Президенттик Конституцияга кайтып келгендиктен, президент өзүнүн ыйгарым укуктарын диверсификациялоосу керек. Ошондуктан Жогорку Кеңеш курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзамды кечеңдеткени менен элден келген өкүлдөр мамлекеттик процесстерге таасир этсин деп чечкиндүү чечим кабыл алды. Президент өз чечими менен бийликти курултай менен бөлүшүүнү чечти”, - деди Бакетаев.

Анын айтымында, курултай элдик бийликтин кошумча институтуна айланып, өкмөт менен президентке өз баасын берет. Бул үчүн кандайдыр бир бийлик өкүлдөрүнө курултайга мүчө болуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган.

“Булар катардагы жарандар болушуп, президенттин, министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик кызматтардын отчетун угушат. Бул саясий-философиялык чечимге көбүрөөк коошот. Президент элдин үнүн уккусу келип жатат. Бул биздин улуттук идеябыз болуп калышы керек. Эгер анда биз кайда барабыз, эмне курабыз, экономиканын кандай моделине таянабыз деген сыяктуу стратегиялык идеялар айтылса андан дагы жакшы болмок”, - деп кошумчалады саясий серепчи.

Мындан мурда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров курултай тууралуу мыйзам кабыл алынбагандыктан курултайды чакыруу мыйзамсыз экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий