• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз, коронавирус! ТИМ Кытайга барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кытай провинцияларында жаңы типтеги коронавирус оорусу пайда болду. Ал негизинен Кытайдын борбордук жана түштүк провинцияларында тездик менен жайылууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, вирустун жаңы түрү менен ооругандардын саны 571ге жетти. Алардын ичинен 95 адамдын абалы оор деп бааланууда. Ал эми 17 адам каза болгон.

Буга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Кытайга барууну пландаштырып жаткан же учурда ошол жакта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, бир катар сунуштарды берди.

Алар:

-мүмкүн болсо элдер топтошкон жерлерге барбоо,

-коронавирус оорусу пайда болуп, учурда жайылып жаткан аймакка барбоо,

-медициналык маска тагынып жүрүү,

-бышпаган эт, сүт азыктарын жана деңиз тамактарын колдонууда этият болуу керек,

-кайнатылган гана сууну ичүү,

-колуңузду, жашылча жер-жемиштерди кылдаттык менен таза жуу.

Пикир

Оставить комментарий