• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Ош жана Баткен облустарын кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21 /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына келип, жалпы жамаат менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр жалпы жамааттын көйгөйлөрүн угуп, оор эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

"Аны менен бирге Бейшеналиев учурдагы пандемия шартында COVID-19 илдетинин алдын алуу жана күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Айрыкча жамааттык вакцинациялоо иштерине катуу көңүл бурууга басым жасады", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, жамааттын сунуштарын угуп, аларды чечип берүүгө болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирди. Андан кийин министр жалпы оорукананы кыдырып, жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө аяктап жаткан ремонт иштерин коруп, жасалып жаткан иштердин жогорку деңгээлде аткарылып жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий