• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө баасы дээрлик жарым млрд сомдук базар мамлекетке кайтарылды – УКМК

Аймак 0


Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттин базар баасы 470 млн сомду түзөт.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий