• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада Кыргызстандын маданиятына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. 2-мартта «Москва мамлекеттик курулуш университети» улуттук изилдөө университетинде Кыргызстандын маданиятына арналган иш-чара өттү.

Иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен жогоруда аталган университетте окуган кыргызстандык студенттер тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын катышуучуларына бай программа, анын ичинде, майрамдык концерт, кыргыз элинин маданий жана руханий баалуулуктарын жана жашоо образын чагылдырган экспонаттардын көргөзмөсү, толук ички жасалгасы менен кыргыз боз үйү, ошондой эле кыргыз ашканасынын улуттук тамак-аштары жана суусундуктары тартууланды.

Жалпысынан иш-чарага 600дөн ашык адам, атап айтканда, Москва мамлекеттик курулуш университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери, кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү, Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер, ошондой эле россиялык ЖМК өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий