• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бокс боюнча дүйнө чемпионаты: Мунарбек менен Өмүрбек рингге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдешке катышып жатат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Италиянын Бусто-Арсицио шаарында өтүп жатат.

5-мартта рингге Сейитбек Мунарбек уулу (57 кг) бразилиянын мушкери Луис Оливейра менен беттешет. Ошондой эле Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) грузиялык мушкер Георгий Гуцаев менен күч сынашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө өтөт.

Буга чейин, тагырагы 3-мартта 51 кг чейинки салмакта катышып жаткан Нуржигит Дүйшөбаев аргентиналык мушкер менен беттешип жеңилүү ызасын тартып калды.

Эске салсак, бокс боюнча Италияда өтүп жаткан Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнир 3-марттан 12-мартка чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий