• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда кыргыз тилинде билим берген 51 мектеп бар

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Исаев З. Ахмедовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосунда өнүгүп келе жаткан достук өнөктөштүктү белгиледи.

Башкы консул жылуу кабыл алгандыгы үчүн шаар бийлигине ыраазычылык билдирип, Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз улутундагы жарандар жашап, кыргыз тилинде окуткан 51 мектеп, Ташкент шаарында Кыргыз маданият борбору иштеп жатканын билдирди.

Жолугушуунун алкагында Өзбекстандын жарандарына Сулайман-Тоого зыярат уюштуруу, өнөр жай багытында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу сунушуштары айтылды.

З. Ахмедов демилгени колдоп, өз ыйгарым укуктарынын алкагында колдон келген жардамын көрсөтөөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий