• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын аймактык пункттарын текшерди

Аймак 0

Бишкек. 11.09.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов Жалал-Абад ШИИБдин «Достук» аймактык башкаруусунун №2 милициянын аймактык пунктун жана Спутник аймактык милиция бөлүмчөсүн текшерди.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жеӊишбек Абитов милиция бөлүмчөлөрүнө байланыштуу бир катар кемчиликтерди белгилеп, тез арада аларды жоюу тапшырмасын койду.

«Достук» аймактык башкаруусунун №2 милициянын аймактык пунктунда оӊдоп-түзөө иштерине көӊүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти камсыз кылууда элибиз үчүн талыкпастан кызмат өтөө керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий