• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө 48 млн сомго балдардын музыкалык мектеби курулат

Аймак 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Теплоключенка айылында К.Досмамбетов атындагы Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебин куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, курулуш боюнча тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментине караштуу Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган.

Объекттин сметалык баасы 48 млн 380 миң 394 сомго бааланды. Конкурстук табыштамаларды 11-апрелге чейин берүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий