• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги: Өткөн суткада коронавирус 49 медкызматкерде табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Өткөн суткада коронавирус 49 медкызматкерде табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын ичинен 14ү дарыгер. “Бир күн ичинде Бишкекте 4, Ош шаарында 8, Чүйдө 11, Ош облусунда 5, Жалал-Абадда 1, Ысык-Көлдө 9, Таласта 3, Баткенде 7 жана Нарында бир медкызматкер илдетке кабылды. Коронавирусту жалпы 2 миң 527 медик жуктурду”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 30 миң 326га жетти. Илдеттен жалпы 16 миң 791 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1169ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий