• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 2020-жылы 33,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Мамлкеттик салык кызматы 2020-жылы 33 млрд 190,8 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, белгиленген план 100,5 %га аткарылды же 163 млн сомго көп жыйналды.

2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766,1 млрд сомго көп чогултулду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ордуна Салык кызматы башкарып келет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Алсак, салык төлөөчүлөргө салык боюнча жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу, бул иш-чара төлөөчүлөрдүн кетирген убактыларын алда канча үнөмдөмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий