• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы: Жарандар салык органынан бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат

Экономика 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Аймактык салык органдары жарандарга бир катар кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде патентти, камсыздандыруу полисин, маалымкаттарды, “Салык төлөөчүнүн кабинетинин” логин/паролун берүү, жеке ишкерлерди каттоо боюнча кезметчилик графигине ылайык иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-аракеттер үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тартып өлкөдө экономикалык ишмердиктин этап менен калыбына келтирилишине байланыштуу ишке ашырылды.

Ушуга байланыштуу, ишкерлер салык кызматтарын алуу, анын ичинде патентти сатып алуу же колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн салык органдарына кайрыла алышат.

Патентти кагаз жүзүндө алуу үчун салык органына барып, же интернет аркылуу онлайн түрүндө алууга болот. Электрондук патентти эки жол менен: салык кызматынын www.salyk.kg – "Салык төлөөчүнүн кабинети" электрондук сервиси аркылуу жана eID-картаны (2017-ж. жаңы үлгүдөгү паспортту) пайдалануу менен алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий