• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы: Акча жумалыгынын алкагында салыктык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында республиканын ири шаарларында жана борборунда калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

МСКнын кызматкерлери бир жуманын ичинде салыктык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларына салттуу сабактарды, жогорку окуу жайлардын, колледждердин, лицейдердин, экономикалык эмес багыттагы окуу жайлардын (техникалык, машина жасоочу, агрардык, медициналык, юридикалык ж.б. багыттагы) студенттерине ачык семинарларды, экономикалык багыттагы техникалык окуу жайлардын жана ЖОЖдордун студенттик командалары арасында брейн-ринг өткөрүштү.

МСКнын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын салык системасы, салык кызматынын иши менен, электрондук форматта салыктык кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүн деманстрациялоо, МСКнын расмий сайтын колдонуу, электрондук патенттерди, эсеп-фактураларды алуу жана интернет аркылуу электрондук түрдө отчёт берүү, бирдиктүү терезе принциби боюнча иштеген маалымат жана сервистик борборлордун иши менен тааныштырып, ошондой эле Салык кызматынын системасынын жана башка багыттагы фискалдык органдын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишке ашырылып жаткан иш-чаралары жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле МСК Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына арналган Бишкек шаарынын студенттик командалары арасында финансы-салык сабаттуулук темасында брейн-ринг өткөрдү. Мелдешке жогорку окуу жайлардын 5 командасы жана экономикалык багыттагы орто-атайын окуу жайлардын 2 командасы катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча мыкты командаларга Бакай, Оптима, “Сенти” банктары жана КРдин Улуттук банкы тарабынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Мындан сырткары Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында салык органдарынын жана КМЮАнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен биринчи жолу “Менин салыктарым каякка жумшалат?” деген темада эссе жазуу конкурсу уюштурулуп, Бишкек шаарынын Ленин районундагы жалпы билим берүүчү 26 мектеп окуучулары катышып, жеңүүчүлөрүнө Бакай, Оптима банктары жана КРдин Улуттук банкы тарабынан баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланды.

Бул иш-чарага жалпысынан 2 миңден ашык адам катышып, анын ичинен 55 мектептен, лицейлерден, гимназиялардан 1700дөй окуучу, 17 ЖОЖдордон 300дөн ашык студенттер жана 270 салык кызматынын кызматкерлери, мугалимдер жана салык төлөөчүлөр катышышты.

Пикир

Оставить комментарий