• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы акыркы алты айда 46,9 млрд сом салык жана төлөмдөрдү чогултту

Экономика 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айынын ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине 46 млрд 969,2 млн сом өлчөмүндө салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, белгиленген план 105,8 пайызга аткарылды же 2 млрд 579,9 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 13 млрд 376 млн сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 139,8%ды түздү. Анын ичинде республикалык бюджетке 37 млрд 817,8 млн. сом суммасында салыктар түшкөн, аткаруу 105,3%ды түзгөн же 1млрд 891,8 млн. сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу салыктар жана төлөмдөрдүн түшүүсү 11 млрд 162,8 млн.сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 141,9%ды түздү", - дейт ал.

Салык кызматынын төрагасы кошумчалагандай, жергиликтүү бюджетке 9 млрд 151,5 млн сом түштү. План 108,1% га же 688,3 млн сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 2 млрд 213,3 млн сомго көбөйдү же өсүү темпи 131,9% түздү.

Пикир

Оставить комментарий