• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Көлмө" конушунда жолдорду оңдоого байланыштуу маселелер ийгиликтүү чечилди — мэрия

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. "Көлмө" конушунда жолдорду оңдоого байланыштуу маселелер ийгиликтүү чечилди.Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, Биринчи май райондук акимиатынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия "Көлмө" конушунун жашоочулары менен жолугушту. Комиссия конуш тургундарынын жүргүзүлүп жаткан жол иштери боюнча кайрылуусунун негизинде түзүлгөн. Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү пландалууда, бирок тургундар түрттүрүлө турган объектилерди: үйдү, чатырын, тосмону бузууга уруксат беришкен жок.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык нюанстарды талкуулап, кайрадан өлчөө жүргүзүп, бир бүтүмгө келишти.

Жыйындын жыйынтыгында, Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына Мыскал көчөсүнүн боюнда түрттүрүлө турган объектилерди алуу жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына макулдашылган долбоорго ылайык курулуш иштерин улантуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий