• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы: Электрондук түрдө отчёт тапшыргандардын саны көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Электрондук түрдө отчёт тапшыргандардын саны көбөйдү, - деп билдирет КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2019-жылдын 8 айында салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл башына салыштырмалуу 44 миң 360ка көбөйгөн жана үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 146 миң 71 колдонуучуну түздү.

Анын ичинде 136 миң 58 салык төлөөчү отчетторун жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен, ал эми 3 миң 257 – МСКнын www.salyk.kg сайтынан “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервис аркылуу, квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшырышат. Мындан тышкары, сервис операторлору аркылуу салык отчетторун 6 миң 656 адам тапшырууда.

“Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу салык отчетторун тапшыруу салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу, анткени ал убакытты кыскартып, отчетторду электрондук түрдө жиберүүгө, анын ичинде электрондук патентти сатып алууга, салык кызматынын электрондук башка кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Салык төлөөчү салык органына барбастан жана кагаз жүзүндө отчет тапшыруу зарылчылыгысыз, өзүнүн жеке электрондук кабинетине кирип, отчетторду түзүү жана текшерүү боюнча электрондук сервистерди пайдалануу менен ар кандай салык отчетун онлайн-режиминде толтуруу жана тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошону менен бирге, отчетту кеңседе же үйдө отуруп тапшырууга болгондуктан, сервис салык кызматынын кызматкерлери менен болгон байланышты кыскартууга, ошондой эле, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, электрондук отчет кол менен иштеп чыгуу процессинде салык отчетторун толтурууда же иштеп чыгууда келип чыккан каталарды азайтат.

Салык отчетун электрондук түрдө берүүдөн тышкары, “Салык төлөөчүнүн кабинети” башка кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы жөнүндө маалымат алууга, салыктарды төлөө боюнча, ИСНи, акциз маркасы, патент тууралуу маалыматтарды алууга, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерине салыктарды эсептөөгө, Бирдиктүү салык декларациясын толтурууга жана берүүгө, эсептешүү ведомостун толтуруу боюнча жардам алууга болот.

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды кеңейтүү жана санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантат. Мисалы, ушул жылдын 1-июлунан тартып КНСтин электрондук эсеп-фактураларын берүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Ошондой эле, 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, импорттоочулар жана экспорттоочулар салык отчетторун милдеттүү түрдө квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө өтүштү.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын башкы милдеттеринин бири болуп, накталай эмес эсептешүү системасын кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле, электрондук кызматтарга өтүү үчүн өбөлгөлөрдү киргизүү болуп саналат.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү ведомствонун заманбап электрондук сервистерин колдонууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий