• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин кайталап алууга чектөөнү алып салды

Экономика 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчү салык органына келбестен салык кызматынын сайтындагы жеке кабинети аркылуу эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин бир айдын ичинде кайталап алуусуна чектөөнү алып салды. Бул тууралу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

"Бул өлкөбүздө өзгөчө кырдаал, ал эми айрым аймактарда – өзгөчө абал режими жарыяланган мезгилде ишкерлердин салык органдарына келүүсүн минималдаштыруу максатында, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана парламенттин депутаттарынын билдирүүлөрүн эске алуу менен ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий