• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирустан айыккан 3 бейтап ооруканадан чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Коронавирустан айыккан 3 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет .

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап чыгарылган. Алар 24-25 жаштагы жигиттер жана 45 жаштагы аял.

"Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Кайрадан алынган ПЧР-анализинин жыйынтыгы коронавирустун жок экендигин көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды", - деп кошумчалашты министрликтин.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144 кишиге жетти. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду. Учурда алты бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөөнүн абалы өтө оор экендиги кабарланды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий