• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК ишкерлерге электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен кантип иштөө керектигин айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык төлөөчүлөр үчүн "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" сервисин пайдалануу боюнча практикалык тренинг өткөрдү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тренингде адистер катышуучуларга бул программалык модулдун системасындагы иштин негизги функцияларын көрсөтүштү, анын ичинде системада каттоо өтүү, ЭТТКны тариздөө ж.б. боюнча, ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Эске салсак, маркаланган продукцияны, мунайды жана мунай заттарын жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2022-жылдын 15-майынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында катталууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

"ЭТТК" маалымат системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берген салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

Система ЕАЭБ аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун, ошондой эле өлкөнүн аймагында товарлардын, анын ичинде идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон мунайзаттардын жана товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоо жол-жоболорун оптималдаштыруунун алкагында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий