• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы өлкөгө 878 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 10 күн ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерсиз 878 ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүү аракеттерин аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, “Чалдовар авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунда 828 ири мүйүздүү малды, “Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунда 50 ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Пикир

Оставить комментарий