• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы салык карызын төлөгөндөргө 150 млн сом туум жана санкцияны эсептен чыгарды

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын август айынан тартып 2021-жылдын 1-мартына чейин салык карызынын негизги суммасын жойгон салык төлөөчүлөргө 150,4 млн сом туум, санкция жана айып пулду эсептен чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөрдөн карызды кайра түзүмдөштүрүүгө бардыгы болуп 3019 арыз келип түштү, 2568 субъект боюнча 150,4 млн сом эсептен чыгарылды, алардын ичинен 121,5 млн сом туумдар/пайыздар, 28,9 млн сом салык санкциялары эсептен чыгарылды. Мында салык төлөөчүлөр 262,8 млн сом салык карызынын негизги суммасын төлөштү.

Белгилей кетсек, мындай жеңилдик 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштеген Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамы менен берилип жатат.

Мыйзамга ылайык, төлөөчүлөр жана жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100 пайыз, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туумдар, санкциялар жана айып пулдары эсептен чыгарылат.

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Аталган өнөктүк салык төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого алууга мүмкүндүк берерин белгилейбиз.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий