• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте айдоочу жолго чуркап чыккан адамды өлтүрө сүзүп алган – видео

Кырсык 0


Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бишкектин Ч.Айтматов көчөсүндө кечээ, 23-мартта саат 22:20лар чамасында "Тойота Ландкрузер" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 65-70 жаштагы жөө жүргүнчү жолго чуркап чыга калып, кырсыкка кабылган. Ал окуя болгон жерден каза тапкан.

Учурда унаа айып аянтчасына токтотулган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын себептери аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий