• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араванда сел каналы тазаланып, 20 турак үй корголду

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Араван районунда сел каналдары тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы 300 метр сел каналы тазаланып, натыйжада 20 турак жай, 2 чап ички чарбалык жолдор жана 16 гектар үлүш жерлер корголду.

Пикир

Оставить комментарий