• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Суудагы маданият үйүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу райондук Аксуубай Атабаев атындагы маданият үйүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданитя министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери үчүн Маданият министрлигинин бюджетинен 2 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка аталган Маданият үйүнүн ичи оңдолуп, электр зымдарын монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле сахнага жарык берүүчү техникалар коюлуп, каалгалар алмаштырылды. Алдыда имараттын фасадын жасоо иштери турат. Бүгүнкү күндө сметалар иштелип чыгып, тиешелүү иш аракеттер жүрүп жатат.

Аталган маданият үйүнө ремонт иштери министрликтин 2023- жылдын бюджетинин чегинде ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий