• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык мугалимдер так илимдер боюнча конкурста II орунду багындырды

Билим 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Математика, физика жана информатика мугалимдеринин X эл аралык чыгармачылык конкурсунда Кыргызстандын мугалимдер командасы II даражадагы диплом менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Иш-чара 2-3-декабрда Алматы шаарында өтуп, ага Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан жалпы 284 мугалим катышты.

Кыргызстандан барган мугалимдер командасынын көрсөткөн жыйынтыгы:

  • Тимур Мамбетов – Бишкек шаарындагы Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, математика боюнча II даражадагы диплом;
  • Данияр Марлисов – “Брайт” Эл аралык мектеби, физика боюнча II даражадагы диплом;
  • Медер Осмонов – “Газпром Кыргызстан” мектеби, информатика боюнча III даражадагы диплом.

“Газпром Кыргызстан” мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов 2021-жылдан тартып конкурстун калыстар тобунун мүчөсү болгон. Мамат Ишматов 2019-жылы ушул эле сынакта математика боюнча 1-орунду ээлесе, Медер Осмонов 2021-жылы информатика боюнча 1-орунду алган.

Пикир

Оставить комментарий