• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматынын төрагасы студенттерге ККМди колдонуунун маанилүүлүгүн айтып берди

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Салык кызматынын төрагасы салык системасын модернизациялоонун жана реформалоонун этаптары жөнүндө кеңири айтып берди. Анын айтымында, салыктык башкарууну жакшыртуу салыктарды жыйноо боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткарууда белгилүү натыйжаларды берип жатат. Заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү ишкерлер үчүн экономикалык климатка жагымдуу таасирин тийгизип, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылат.

Алтынбек Абдуваповдун айтымында, бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү электрондук эсеп-фактураны, ЭТТК, ККМ жана башкаларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен шартталган.

Салык кызматынын төрагасы ККМди колдонуунун максаттарын жана милдеттерин кеңири түшүндүрүп берди, ошондой эле кассалык чекти талап кылуу керектигин эскертти.

"Бул мамлекеттик бюджетти толуктоого гана эмес, коррупция менен күрөшүүгө да жардам берет. Бул биздин коопсуздугубуз. Мен кичинекей кассалык чектин маанилүүлүгүн түшүндүрө алдым деп ишенем", - деп Салык кызматынын башчысы студенттерге кайрылды.

А.Абдувапов салык органынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн маанилүү этабы катары жаш адистерди кызматка тартууну атады. Ал студенттерди мыкты тажрыйбага жана карьералык өсүшкө ээ боло турган мамлекеттик органдардагы жумуштарды эске алууга үндөдү.

"Салык кызматы ак ниет иштей турган жаш кадрларга муктаж", - деп белгиледи Алтынбек Абдувапов.

Лекциянын аягында жогорку окуу жайдын студенттери жана окутуучулары кызыккан темалар боюнча суроолорун беришти.

Пикир

Оставить комментарий