• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык органдары жергиликтүү салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзөт

Экономика 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Аймактык салык органдары жакынкы эки жуманын ичинде жергиликтүү салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзүүгө тийиш.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ведомствонун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусунда жумушчу жана селектордук кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Салыктык башкаруунун актуалдуу маселелери жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды, алар боюнча Салык кызматынын башчысы бир катар көрсөтмөлөрдү берип, фискалдык органдын алдында турган милдеттерди ийгиликтүү чечүү үчүн ишти күчөтүүнү талап кылды.

Атап айтканда, төрага белгилегендей, жер-жерлердеги салык органдары эки жуманын ичинде салыктын суммасын так эсептөө үчүн зарыл болгон мүлк аянтын, ставкаларды жана коэффициенттерди конкреттүү түрдө көрсөтүү менен жергиликтүү салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзүү зарыл.

Буга туруктуу же убактылуу жашоо үчүн мүлктөр (турак үйлөр, батирлер), пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык жана башка ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн арналган же колдонулган имараттар жана курулмалар, анын ичинде металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар, ошондой эле жер үлүшү, анын ичинде айыл чарба жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер, бак-чарба жана короо-жай участоктору кирет.

Мында инвентаризация Мамлекеттик каттоо кызматы жана “Кадастр” Мамлекеттик мекемеси менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүгө тийиш.

“Мүлк жана жер ээлери тарабынан салыктын эсептелген суммасы алардын пайдалангандыгына же ага карабастан салык мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй төлөнүшүн камсыз кылуу зарыл”, – деди К. Абдалиев.

Дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшүнө да өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Бул салыктан айырмаланып жер ээсинин ар бир мүчөсү өзүнчө төлөйт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөн суммасынын негизинде ар бирине өзүнчө пенсиянын тиешелүү өлчөмү эсептелет.

Ошондой эле салык кызматкерлери инвентаризациялоонун жүрүшүндө мүлк ээси алмашкандыгы же параметрлеринин өзгөргөндүгү боюнча маалыматтарды да туруктуу негизде жаңылап туруулары керек. Зарыл болгон учурда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качкан мүлк ээлерине карата мыйзамга ылайык административдик таасир этүү чараларын көрүүлөрү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий