• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн реструктуризациялоо мөөнөтү узартылды - МСК

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн реструктуризациялоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы мыйзамына ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мөөнөтү узартылды.

Ошентип, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. Реструктуризацияга 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш.

Буга чейин төлөөчүлөрдүн эсептелген туумдар, санкциялар жана айыптарды 2021-жылдын 1-июлуна чейин 100%, ал эми 2021-жылдын 31-декабрына чейин 50%га эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Мындан тышкары, жогорудагы мыйзамга ылайык төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мөөнөт үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына кошуп эсептелген туумдар, санкциялар жана айыптар боюнча карыздарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта эсептен чыгарууга укуктуу.

Белгилей кетсек, бул кампания салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого жардам берет.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Эскерте кетсек, кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий