• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусу 3, Нарын облусу 2, Чүй облусу 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда турак үйдүн 2 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында райондук оорукананын имаратында бөлмөнүн 15 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо 2 конушунда жалпы аянты 400 чарчы метр эки кабаттуу үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган мечиттин 70 чарчы метр чатыры жана от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий