• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта турак үйдөн өрт чыгып, бир аял күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бүгүн Кара-Бура районунун Аманбаев айылынын Толстунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, өрт саат 13:12 өрт толугу менен өчүрүлдү.Турак жайдын жалпы 120 чарчы метр аянты күйгөн.

"Өрттүн кесепетинен үйдүн 47 жаштагы З.С., аттуу жашоочусу күйүк алган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымы такталууда. Жабыркаган жаран жеке менчик унаа аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий