• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы Кореянын KOIKA уюмунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кореянын KOIKA эл аралык уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда негизинен облустун айыл чарба жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.

“Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) 2015-жылдан бери Баткен облусунун аймагында көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келет. Жалпысынан КОICA Баткен облусуна 69 млн. 748 миң сомдук колдоо көрсөтүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келет. KOICA Баткен облусунда айыл чарба секторун өнүктүрүү багытында бир чоң долбоор даярдап жатыптыр, эгерде долбоор ишке ашса чоң экономикалык мааниге ээ болот деп ишенем”, - деди эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө облус башчысы.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жолдору талкууланып, ар тараптуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги айтылды.

Ошондой эле Айыл чарба өндүрүшүн өркүндөтүү аркылуу айылдын жашоо шартын жана киреше алып келүүчү иш-чараларды жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да сүйлөшүлдү.

Пикир

Оставить комментарий