• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл: Боом капчыгайында куураган чөп күйдү — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайында куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 17-январда саат 20:15 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-чакырымында чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Өрт тоонун этегинде болгондугуна байланыштуу өрт өчүрүүчү унаа бара алган эмес. Кол шаймандары менен өчүрүлгөн.

Өрттү өчүрүүгө кошумча токой чарба ишканасынан 10 кызматкер, Темир-Жол ишканасынан 10 кызматкер тартылып,саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпысынан эки гектар аянт кургак чөп күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий