• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19дан кийинки антителонун эң жогорку концентрациясы улгайган адамдарда аныкталган

Дүйнө 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. COVID-19дан кийинки антителонун эң жогорку концентрациясы улгайган адамдарда аныкталган. Бул тууралуу «Хеликс» лабораториялык кызматынын директору Дмитрий Денисовго таянып, россиялык ЖМКлар кабарлаган.

“Жаш курак бул - антитело концентрациясына таасир этүүчү маанилүү фактор болуп саналат. Антителолордун эң жогорку концентрациясы улгайган бейтаптарда байкалган”, - деп билдирген Денисов.

Ал белгилегендей, COVID-19дун жеңил формасы менен ооруган эркектерде антителолордун концентрациясы оорудан 60 күн өткөн соң төмөндөп баштайт. Ал эми коронавирустун жеңил түрү менен ооруган аялдарда антителолордун деңгээлинде оң тенденция байкалат.

Пикир

Оставить комментарий