• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Сосновка" постунан 1 тоннадан ашуун эсепке алынбаган спирт кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек – Ош автожолундагы "Сосновка" контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө продукцияга тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.

Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий