• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун жаштар форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында туризм тармагын өнүктүрүүгө арналган жаштар форуму өтүүдө.

Бул иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп, ага Казакстан, Россия, Тажикстан, Кытай, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Беларусь жана Азербайжандан келген өкүлдөр катышууда.

Форумдун ачылышына вице-премьер Алтынай Өмүрбекова катышып, ал өз сөзүндө туризм дүйнөлүк экономикада тез өнүгүп келе жаткан тармак экенин белгиледи.

"Туризмдин дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин экономикасындагы орду чоң. Ал бюджетти толтуруу менен катар аймактын өнүгүшүнө, жергиликтүү элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көмөк берет", - деди ал.

Ошондой эле ал, быйыл ШКУнун алкагында бир катар иш-чаралар болорун кошумчалады. Маселен, июнь айында ШКУнун Жаштар кеңешинин кезектеги отуруму, май айында Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнун "Run the Silk Road" эл аралык марафону өтөт.

Форум 28-февралда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий