• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бишкексууканал" күчөтүлгөн иш режимине өттү

Коом 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы суу түтүк жана канализациянын шаардык тармактарындагы аварияларды четтетүү максатында күчөтүлгөн иш режимине өттү.

Мэриядан билдиришкендей, күн сайын шаарда муздак суу менен жабдуунун тармактарындагы 10дон кем эмес суунун агып калуулары жана 25тен көп тыгындылар четтетилип турат.

Сууну бөлүштүрүү (канализация) тармактарындагы өткөрмө түтүктөрдөгү бузулууларды жана тыгындыларды четтетүүгө сууканалдын 17 авариялык бригадасы жана 80 бирдиктеги адистештирилген техникалары тартылды.

Пикир

Оставить комментарий