• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Самаркандда "БА – Индия" диалогу конференциясында министрлердин жолугушуусу аяктады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Самарканд, 14.01.19. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд шаарында «Индия – Борбор Азия» диалогунда министрлер жолугушуусу аяктады, - деп билдирет "Кабар" агенттигин кабарчысы.

Аталган жыйындын пленардык сессиясында Казакстандын Тышки иштер министри Бейбут Атамкулов, Кыргызстандын - Чыңгыз Айдарбеков, Тажикстандын - Сироджиддин Мухриддин, Түркмөнстандын – Рашид Мередовдор Индия менен БАнын ортосундагы кызматташтыкты эки жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл өз ара соода-сатыктын өнүгүүсүнө алып келүүчү шарттарды, инвестицияларды, инновацияларды, региондордун экономикасына технологияларды кеңейтүү, БАнын өлкөлөрүнүн транзиттик жана транспорттук-коммуникациондук жөндөмдүүлүгүн күчөтүүдө өз ара аракеттенүүнү, туристтик сапарларды көбөйтүү жана андан тышкары илим, саламаттык сактоо, билим берүү жана спорт чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан.

“Индия – БА” диалогунун Тышкы иштер министрлери Афган делегациясынын өкүлдөрүн биринчи жолугушууда жылуу тосуп алып, биргелешкен инфраструктуралык транзиттик-транспорттук, энергетикалык жана башка жааттагы долбоорлорду ишке ашыруу менен Афганистандын экономикалык жактан кайра жанданышын колдоосун айтышкан.

Делегациялардын башчылары Диалогдун алкагында өлкөлөрдүн бизнес-айлампаларынын арасында биргелешкен долбоорлордун келечеги чоң экендигин баса белгилеп, маданий, билим берүү жана илимий чөйрөлөрү айтылган.

Саммиттин жыйынтыгында “Индия-Борбор Азия” Диалогу старт алгандыгы тууралуу биргелешкен билдирүү кабыл алынган.

Аталган иш-чаранын кийинки отуруму 2020-жылы Индияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий