• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет 500 млн сом бөлгөн – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан жалпысынан 500 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өлкөнүн бюджети тууралуу талкуу учурунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинен 184,9 млн сом коопсуздук жана укук коргоо системасын камсыздоо жаатындагы долбоорлорго жумшалган. 309 млн сом 63 тармактык долбоорду ишке ашырууга сарпталган.

Абылгазиев санариптештирүүнүн дагы бир багыты, быйылкы жылдагы эң чоң жеңиш – “Коопсуз шаар” долбоору экендигин айтты. Анын биринчи этабын ишке ашыруу аяктаган.

"Натыйжада: Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда кырсыктардын жана жаракат алгандардын саны эки эсе азайды. Быйылкы жылдын бюджетинде айып пулдардан 1,5 млрд сом түшөт деп бекитилген. Бирок биздин максат айып пулдардан акча чогултуу эмес. Ишибиз өз натыйжасын берип жатат. Ошондуктан өзгөртүлгөн бюджетте 900 млн сомго азайтылып жатат", - деп өкмөт башчы баса белгиледи.

Андан тышкары, Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке кириши менен кандай өзгөрүүлөр болгондугуна токтолду.

- айдоочуларды, жөө жүргүнчүлөрдү тартипке чакырды;

- камералардан коомдук кырдаалды көзөмөлдөп турууга мүмкүн болду; - кылмыштын бетин ыкчам ачууга шарт түзүлдү.

Башкысы – муну менен биз жолдо жүрүүнүн маданиятын эл ичине сиңиришибиз керек, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий